Улуу Жеңиш күнүнүн урматына Печать
Автор: Administrator   
13.11.2013 07:45

Улуу Жеңиш күнүнүн урматына

Улуу Жеңиш  күнү совет элине кандай эрдик менен келгенин фронтто кызмат өтөгөн, орукта эмгектенген ата-энелерибиз эң жакшы билишет. Андагы легендарлуу Панфилов дивизиясынын баатырларынын көргөзгөн эрдигин азыркы күнгө чейин, улам кийинки муунга насаат катары айтып келебиз.

Чолпонбай, Дүйшөнкул аталарыбыз жеткирген Жеңиш майрамын белгилөө ыйык милдетибиз. Улуу күндүн урматына Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясы дагы бир катар иш-чараларды өткөрүштү.

 

Согуш бүтөт музыка бүтпөйт деп жоокерлер дайыма ырдоо менен өздөрүнө дем-күч топтошконун, ал турсун дивизияларды кыдырып артистер концерт тартуулашканын угуп эле жүрөбүз. Ошол себептен Академияда салтка айланып калган  “Саптык ырлар” кароо-сынагы бул жылы Улуу Жеңиш күнүн утурлай 6 – майда өткөрүлдү. Катышкан сегиз рота кыргызча жана орусча мекенге арналган ыр саптарын аткарышып, майрамдык марш менен өтүштү. Жыйынтыгында мыкты аткаруу чеберчилиги жана катарга тизилүү боюнча  2 – курстун 1 – ротасы 1 орунга ээ болду. Экинчи орунга 1 – курстун 2 – ротасы ал эми үчүнчү орунга 4 – курстун 1 – ротасы ээ болушту. 

Ал эми 7 – 8 – май күндөрү өздүк курам арасында футболдук беттешүү өткөрүлдү. Эки айлампа менен өткөн мелдеште 1 – орунга Күндүзгү окуу факультетинин офицерлери, экинчи орунга Кылмыш-жаза укук кафедрасы жана Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасынын окутуучуларынан куралган командасы ээлесе, үчүнчү орунду Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы менен Кылмыш жаза процесс  кафедрасынын  курама командасы алды.

Каардуу согуш башталганда Кыргызстандын жаш уландары кандуу майданга жөнөп, айыл жерлерде кары-картандар менен жаш улан-кыздар калган. Ошондо бала экенине карабастан жоокерлердин, айылда калган элдин камын ойлоп кичинекей болуп туруп чоң жумуштарды аткарган өспүрүм балдардын эмгеги зор. Алар азыр сексенден ашкан чоң-ата, чоң-апа болушту. Ошондогу кыйын кырдаалды жон-териси менен сезген орукта кызмат өтөгөн ардагерлерибизди биз дагы урматтап майрамдык жолугушууга чакырдык.

8 – май күнү Академиянын жыйындар залында өздүк курам, курсанттар жана сырттан окуу факультетинин угуучулары менен ички иштер кызматынын ардагери, ИИМнин Академиясынын ардактуу ак сакалы, отставкадагы милициянын полковниги Э.Усубалиев жана Бишкек шаарынын Свердлов районун ардагерлер кеңешинин мүчөсү А.Раимкулов менен кездешүүсү өткөрүлдү. Жолугушууда ардагерлер балалыгын арнаган согуш күндөрүн эске салышып, ал күн менен бүгүнкү күндү салыштырып келечек укук коргоочуларга туура жол көргөзүп, насаат кептерин айтышты. Курсанттар болсо өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, аталарыбыздын биз үчүн жасаган эмгектери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Андан соң ардагерлер майрамдык дасторкондон даам сызып, жетекчиликтин  чакан белектери менен узашты.

Бул иш –чаралады өткөрүү менен тынып калбастан Академиянын Сырттан окуу факультетинин кызматкерлери “Аламүдүн-1” жана “Кууручулар шаарчасы” кичи райондорунда жашаган  11 согуштун ардагерлеринин  үйлөрүнө  барып, куттуктап, атайы арналган белектерин берип келишти.

Ал эми 9 – май күнү Жеңиш аянтында өткөн салтанаттык жүрүштө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктап Академиянын курсанттары дагы өтүштү.

Ошондой эле майрам күнү 200 курсант жана офицерлер борбордук көчөлөрдө тартипти сактоону көзөмөлгө алып турушту.

ИИМдин Академиясынын басма-сөз кызматы