Бул жылы окуу жайды 131 курсант аяктап, анын ичинде 19су кыздар.
Жакынкы күндөрү бүтүрүүчүлөр республикалык ички иштер органдарына бөлүнүшүп, кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Академиянын бүтүрүүчүлөрүнө кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң жоопкерчилик менен иштөө сунушталган.

Окууну ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков өз сөзүндө: “Өзүңөргө белгилүү болгондой, милиициянын катары жыл сайын Академиядан аяктаган курсанттар менен толукталып турат. Бүгүн да ушундай толуктоолор ишке ашып, 131 курсант Мекен алдында, эл алдында өз милдеттерин аткаруу окууну ийгиликтүү аяктап, жогорку билим алып, “милициянын офицери” деген наамга татыктуу болуп отурушат.
Ошол себептен, Ички иштер министри Кашкар Астакановичтин жана жеке өзүмдүн атымдан баардык бүтүрүүчүлөрдү чын жүрөгүмдөн куттуктоо менен, коомдун коопсуздугун сактоо, адам укугун коргоо үчүн жасап жаткан биринчи кадамыңыздар байсалдуу болсун. Кыргыз милициянын тарыхы көптөгөн инсандардын ак эмгеги, талыкпаган кесипкөйлүүлүгү менен түптөлдү. Ал инсандардын эң кадырлуусу Академияга наамы берилген генерал Эргеш Алиев болсо, андан кийинкилери ушул жерде турган биздин ардактуу ардагерлерибиз болуп эсептелинет.
Ошондуктан, Кыргыз милициясынын атын уят кылбай, улуулар түптөгөн жолду улап, эл алдында татыктуу кызмат кылууга милдеттүүсүздөр. Ал үчүн ар бириңиздер берген антка бек туруп, милициянын намысын сактаңыздар.
Мындан ары, кайсы кызматта жүрбөңүздөр эң негизгиси жарандардын мыйзамдуу укуктарына кылдат мамиле жасап, адам тагдырына маани берип, калыс болуңуздар. Бүтүрүүчүлөр коомдук тартипти жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн өз милдеттерин так жана намыскөйлүк менен аткарышын каалап кетти.
Ошондой эле, чакырылган коноктор, ата-энелер дагы бүтүрүүчүлөрдү  куттукташты. Ал эми, бүтүрүүчүлөрдүн атынан артыкчылык диплом менен аяктап жаткан Бакыт Карыпбаев ыраазычылык сөзүн айтып, ата-энелерине, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамына жогорку билим берүүгө жумшаган эмгектерине ыраазычылык билдирди.
Андан сон, бүтүрүүчүлөр КР ИИМдин Академиясынын күжүрмөн туусу менен коштошуп, Академиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.

Иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн офицердик вальс аткаруусу менен жыйынтыкталды.

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign