Бүгүн ИИМдин Академиясынын коомдук-саясий кафедрасы  залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата брейн-ринг өткөрдү.

Анда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер институнун курсанттары, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын, Кыргыз улуттук университетинин студенттери жана ИИМдин Академиясынын курсанттары таймашышты.

Акыл-таймашта КРнын каржы министрлигинин мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Сакбаев, КРнын юридикалык клиникалар ассоцициясынын президенти ю.и.к. Артур Бакиров, ББЗИТИнин профессионалдарды окутуу факультетинин деканы Бакыт Мааткулов калыстык кылышты.

Интеллектуалдык оюн 3 тур менен өттү.

1-турда командалар саламдашып, команданын эмблемасын чечмелеп, жакташты.

2-турда чучу-кулак кармоо менен атайын бөлүктөрдү тандап, анда жашырылган суроолорго жооп беришти.

3-тур үй-тапшырма деп аталып, командалар Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышты.

Таймаш кызыктуу өтүп, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер институнун курсанттарынан турган команда 1-орунду, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери 2-орун, ИИМдин Академиясынын курсанттары 3-орун жана Кыргыз улуттук университетинин студенттери 4-орунга ээ болушту.

Ошондой эле калыстар тобу тарабынан мыктылар аныкталды:

“Мыкты эмблема” – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын командасы;

“Мыкты аткаруучу” – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Сыймык Асранов;

“Мыкты команда капитаны”  – ИИМдин Академиясынын курсанты Аалы кызы Чолпон.

Иш-чаранын соңунда, келген коноктор жана катышуучулар ИИМдин Академиясына жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign