12-майда ИИМдин Академиясында салтка айланган аскердик-спорттук “Кырк-чоро” мелдеши өттү. Бул жолу мурдагы жылдардан айырмаланып, мелдешке Аскер институтунун курсанттары дагы катышышты. Жалпы 6 команда катышты.

Сынак 3 тур менен өттү.

1-тур интеллектуалдык оюн брейн-ринг түрүндө өткөрүлүп, катышуучулар Ата-Мекендик согуш жана Улуу жеңиш боюнча берилген суроолорго жооп беришти.

2-турда спорттук жана аскердик мелдештер өткөрүлдү, тагыраак айтканда аркан тартыш, биатлон, граната ыргытуу жана  аскердик эстафета.

3-тур үй-тапшырма деп аталып, катышучулар аскердик ырларды, көркөм окууларды жана чыгармалардан үзүндү аркатышты.

Жыйынтыгында жеңишке ИИМдин Академиясынын 3-курсу 1 орунга татыктуу деп табылып, өтмө кубокту жеңип алышты. Ал эми 2-орунга 1-курс жана 3-орунга 2-курстун курама командалары арзышты.

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign