Мемориалдык такта кызмат учурунда каза болгон ИИИнин Академиясынын офицери милициянын полковниги Айдаралиев Кайып Жумашалиевичтин (1956-2005), 1990 – жылдын июнь айында Ош шаарында болгон улутттар аралык кагылышууда өз милдетин аткарып жатып каза болгон милициянын кенже сержанты Шкрум Вячеслав Дмитриевичтин (1967-1990), 2010 – жылдын 7 – апрелинде массалык башаламандыкта элдин тынчтыгын сактап жатып каза болгон курсанттар Такырбашев Эдиль Дамирбековичтин (1988-2010),  Кущ Никита Викторовичтин (1988-2010) жана ошондой эле 2013 – жылдын 9 – июлунда аскердик даярдыктарын бекемдөө үчүн Кой-Таш аскер талаасына бара жатып автокырсыктан каза болгон курсанттар Бакытов Баяман Бакытович (1994-2013), Куватова Мээрим Куватовнанын (1995-2013)  жана Кененова Айжамал Таалайбековнанын (1995-2013)  жаркын элестерине арналып жасалды.

Тактаны ачууга ИИМнин Академиясынын жетекчилиги, каза болгон курсанттардын ата-энелери жана жакын туугандары, Академиянын ардагерлери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана курсаттар катышышты.

ИИМ Академиясынын басма-сөз кызматы

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign